Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:32

Орусия менен Иран өзөктүк программалар туралуу сүйлөшүп жатышат


10-октябрда Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров Иранга эки күндүк сапар менен келди. Тегеранда ал өзүнүн ирандык кесиптеши Камал Харрази жана Ирандын коопсуздук кеңешинин катчысы Хассан Роухани менен өзөктүк курал программалар боюнча кызматташтык тууралуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

АКШ Иранды “жарышуун түрдө өзөктүк курал жасап жатат” деп күнөөлөгөн. Ырасмий Тегеран бул өңдүү айыптарды четке кагып келет.

Өз кезегинде Орусия Иранды атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ) менен кызматташууга чакырган. Сүйлөшүүлөрдө мындан сырткары эки өлкө ортосундагы экономикалык кызматташтык, Кавказ регионундагы жана Орто Азиядагы абал, ошондой эле, террорчулукка каршы биргелешкен аракеттерди күчөтүү маселелери каралмакчы.

XS
SM
MD
LG