Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:50

13-октябрга аба ырайы тууралуу маалымат


БИШКЕК. Аба ырайын алдын ала маалымдоо борборунун кабарлоосу боюнча 13-октябрда Кыргызстанда күн ачык болуп, батыш тараптан салкын жел жүрүп турат.

ЧҮЙ облусунда абанын температурасы түнкүсүн +3...+8, күндүз +18...+23 градус жылуу.
ТАЛАС, ЫСЫККӨЛ аймактарында түнкүсүн +3...+8 градус жылуу, күндүз +16...+21 градус.
Республиканын ОШ, ЖАЛАЛАБАД, БАТКЕН дубандарында түнкүсүн +4...+9, күндүз +19 градустан +24 градуска чейин жылыйт.
Ал эми НАРЫН өрөөнүндө түнкүсүн +2...+7, күндүз +15...+20 градус жылуу.
Борборубуз БИШКЕКТЕ сейрек булут каптап, түнкүсүн +5...+7, күндүз +21...+23 градус жылуу болушу күтүлүүдө.

Кыргызстандагы соңку жаңылыктарды Бүбүкан Досалиева, Аманбек Дилденбай жана облустардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор Кубат Оторбаев.

XS
SM
MD
LG