Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:56

Абхазиянын жаңы жетекчилиги мурдагы келишимдерди аткарууга тийиш


Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 12-октябрда Бишкекте журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Грузиянын курамындагы Абхазиядагы маселелер Тбилисинин катышуусу менен чечилүүгө тийиш деп билдирди:

-Менин ишенимимде, Абхазиядагы бийликке ким келсе дагы бардык маселелер мурда түзүлгөн келишимдер чегинде чечилүүгө тийиш. Ал жараянга Тбилиси катышып, Грузия дагы өз милдеттенмелерин аткарыш керек.

Үчүнчү октябрда өткөрүлгөн шайлоонун жыйынтыктарын текшерип чыгып шайлоо комиссиясы оппозициялык талапкер Сергей Багапштын жеңишин тастыктаган, Маскөө болсо мурдагы премьер Раул Хаджимбаны колдогон. Абхазиянын жаңы премьер-министри Нодар Хажба шайлоо комиссиясынын чечимин сынга алды.

XS
SM
MD
LG