Бул үчүн ООНдун коопсуздук кеңешинин өтүнүчү керек. Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттиктин өкүлү Марк Гвоздецкий Иракта ядролук материалдарды жасоого ылайыкталган технологиялык жабдык-жарактардын жоголуп кеткендиги жөнүндө кабарды комментариялап, МАГАТЭ Иракка кайтып баруу керекпи – жокпу, бу жагынан коопсуздук кеңешинин чечимин күтүп жатканын, ошону менен бирге инспекторлордун коопсуздугун камсыз кылуу жагынан да кандай чаралар керектигин ойлонуп алуу абзел экендигин белгиледи.