Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:18

Посткоммунисттик өлкөлөрдүн жетекчилиги чеччү маселе


Чыгыш Европа жана мурдакы Советтик республикалардагы ар бир үчүнчү бала жакырчылыкта жашайт. Улуттар Уюму бүгүн жарыялаган иликтөөгө карганда, бул аймакта аракечтиктин жана баңгиликтин өсүүсү жаштар арасында өлүмдүн жана СПИД инфекциясынын көбөйүүсүнө түрткү болгон.
ЮНИСЕФтин директору Карол Белэмминин айтышынча, мурдакы коммунисттик өлкөлөрдүн кээ бирлеринде жакында болгон экономикалык өсүүлөр балдардын абалына таасир эткен эмес.

ЮНИСЕФтин Россия жана Белорустагы өкүлү Шарл де Ройдун айтымында, жакырчылык мамлекеттик деңгээде чечилчү иш экенине басым жасады :


-Бул саясатчылар чеччү маселе. Мамлекет башчылар экономикалык өсүштү элдин турмушун жеңилдетүүгө, жакырчылыкты кыскартууга, бардык балдарга бирдей шарт түзүүгө жана өлкө ичиндеги жиктелүүнү азайтууга пайдаланышы абзел.

XS
SM
MD
LG