Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:03

Атуулдук бирикме шаардык кеңешке шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылууда


БИШКЕК. Бүгүн «Адилет шайлоо үчүн» атуулдук бирикмеси 10-октябрда болгон жергиликтүү кеңештерге шайлоого байланыштуу билдирүү менен чыкты. Анда добуш берүү «Шайлоо кодексин» одоно түрдө бузуулар менен өткөндүгү белгиленип, ошого байланыштуу Бишкек шаардык кеңешке шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу, Борборшайлоокомду жана Бишкек шаардык шайлоо комиссиясын кайрадан түзүү, шайлоочулардын бармагына белги коюу тартибин сөзсүз түрдө киргизүү зарылдыгы билдирилген.

Бирикменин лидерлеринин бири Өмүрбек Текебаевдин айтымына караганда, 10-октябрда добуш берүүдөгү мыйзам бузуулар боюнча ондогон актылар түзүлгөн, адамдардын кайра-кайра добуш берүү фактылары аныкталган.

Бишкек шаардык кеңешке шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу арызы менен Биринчи май райондук сотуна "Элдин абийир жана намысын коргоо боюнча коомдук бирикме да кайрылды. Арызда Борборшайлоокомдун Шайлоо кодексин туура эмес пайдалангандыгы айтылган.

XS
SM
MD
LG