Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:48

Путин менен Ху Цзинтао бир катар документтерге кол коюшту


Бүгүн Бээжинде Россиянын президенти Владимир Путин менен Кытайдын мамлекет башчысы Ху Цзинтао бир катар документтерге кол коюшту. Алардын арасында чегараны демаркациялоо боюнча келишим да бар. Путиндин ырастоосунда, муну менен 40 жылга созулган чегара талашына чекит коюлду:

-Маанилүү саясий кадам жасалды. Россия менен Кытай эки тараптын тең кызыкчылыгына дал келе турган саясий чечим кабыл алды.

Биргелешкен декларацияда Кытай Россиянын Бүткүлдүйнөлүк соода уюмуна кошулуусун колдойт деп айтылат.

Декларацияда ошондой эле Корея жарым аралын өзөктүк куралдан эркин зонага айландыруу, терроризм, сепаратизмге каршы күрөшүү маселелери чагылдырылды. Кытайдын Улуттук мунай компаниясы менен “Газпром” Кытайга газ экспортоо жөнүндө макулдашышты. Путиндин визити Россия менен Кытай ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзлгөндүгүнүн 55 жылдыгы белгиленип жаткан учурга туура келди.

XS
SM
MD
LG