Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:25

ЫЙЫК РАМАЗАН АЙЫ БАШТАЛДЫ


Мусулмандар шарыятка табынган ыйык рамазан айы да кирип келди. Орозонун башталышын утурлаган шектик күнүндө ар бир мусулман үй бүлөсү боорсок жасап, арбактарга куран окутушат. Отуз күн орозо тутууга баш койгон адам кандай мусулмандык парыздарды аткарышы керек? Бишкек шаардык мечитинин казысы Абдыманап Кары "Азаттыктын" айрым суроолоруна жооп берди.

- Шектикте негизинен кандай талаптар аткарылышы керек?

-Шектик күнү маркумдардын арбагына багыштап куран окуп, орозо айынын келишине даярданып турушубуз зарыл экен. Биз - мусулмандар диний башкармасынын, Бишкек шаарыны борбордук мечитинин атынан бүткүл Кыргызстан мусулмандарын улуу рамазан айынын келиши менен куттуктайбыз.
Бизде салт боюнча шектик күндөрү маркумдарга куран окутулат. Боорсок бышырылат, колдо барлар оокат жасап, маркумдарды жоктойт. Бул шарыят боюнча туура. Анткени ушундай улуу күндө маркумдарды эскерүү зарыл.


-Бүгүнкү күндө баардыгынын эле колунан мал союп, курмандыкка чалуу келбейт да. Бул талаптарды аткарбаса күнөө деп эсептелбейби?

-Шарыятта айтылган эмес "кой сой" же болбосо "тамак бышыр" деп. Колунан келгендер жөн эле куран окуп койсо болот. Бул ата-бабаларыбыздан калган салт. Аллаа-таалам ушундай бир соопторду көп кылып берет экен, бир сом садага кылган болсоңуз, Аллаа-таалам муну миң эсе кылып көбөйтүп берет. Сооп иштеп ала турган ай келди десек болот. Ошону үчүн колдон келишинче намаздарды, куранды көбүрөөк окуп, колунда барлар кедейлерге кайрымдуулук кылганы албетте сооп болуп эсептелет. Биздин борбордук мечитте да ушундай кайрымдуулук акциялары өтөт.

-Орозону кармоо тартибине токтоло кетсеңиз.

-Мына бүгүн биз мусулмандардын эң ыйык парзы болгон орозо айын тосуп атабыз. Пайгамбарыбыз «Кимде ким орозо айын урмат кылса ал адам Алланы урмат кылыптыр, ким Аллааны урмат кылса ал бейишке кирет» деп айткан. Демек, биз орозо айынын келишине курсан болуп, орозо айда Кудай-таалам буйурган орозону кармоо зарыл экен.

Орозону кармаш тартибине токтолсом, эртең менен таң аткандан баштап күн батканга чейин эч нерсе жебестен, ичпестен, аялы менен жакындык кылбастан, ушул үч парызды аткарып, күн батканда оозду ачып, Алланын рахатына бөлөнүшүбүз керек экен. Орозо айында бейиштин эшиктери ачык болуп, тозоктун эшиктери бекилип, өтүп кеткен маркумдарыбызга дагы азапта турган болсо, албетте, булар дагы азаптан куткарылып, орозодо бир топ жеңилдиктер болот экен.


-Азыр коом тараптан, же колунда бар адамдардан, депутаттардан жардам болуп жатабы?

-Кээ бир колунан келген адамдар бар, азыр эми алардын атын атбай эле коёюн, орозо айында алар өздөрү келип Ислам институтунун студенттерине бир күндүк ооз ачарды көтөрүп жатышат. Биздин башкы демөөрчүбүз - Альвах аль-Ислами фонду. Бул фонд бизди башынан эле колдоп келатат.

Сүрөттө: Кыргызстанда жыл сайын мусулманчылыктын парзына баш койгондор көбөйүп баратат.

Фото "Азаттыктын" архивинен.
XS
SM
MD
LG