Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:10

Маскөөдө өлтүрүлгөн америкалык журналист эл аралык сыйлыкка татыды


Нью-Йорк шаарында жайгашкан Журналисттерди коргоо комитети өзүнүн Басма сөз эркиндиги боюнча быйылкы сыйлыгын июл айында Маскөөдө өлтүрүлгөн америкалык журналист Пол Хлебниковго берүүнү чечти. Үстүбүздөгү жылдын башында ал АКШдан Орусияга келип, Маскөөдө "Форбс" журналын ачкан жана Орусиянын эң бай адамдары тууралуу бир топ макала жазган.

Ага чейин Хлебников Борис Березовский тууралуу китеп чыгарган. Хлебниковдон тышкары комитеттин быйылкы сыйлыгына "Беларус бизнес гезитинин" мурдагы редактору Светлана Калинкина, "Африканын элдик радиосун" негиздеген Алексис Синдухиже жана Бурмада даректик кино тарткан эки режиссер - Ауң Пвинт менен Тауң Тун татыды.

XS
SM
MD
LG