Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:40

Менчиктештирүүнүн жүрүшүн текшерүү боюнча депутаттык комиссия түзүлөт


БИШКЕК. Келээрки дүйшөмбү күнү кыргыз парламентинин Мыйзам чыгаруу жыйыны Кыргызстанда 1991-жылдан бери жүргүзүлгөн менчиктештирүүнүн жыйынтыгы боюнча токтом кабыл алат. Палатанын маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, мындай чечим аталган палатанын бейшемби күнкү отурумунда кабыл алынган. Кабыл алына турган токтомго ылайык, менчиктештирүүнүн жыйынтыктарын текшерүү боюнча депутаттык комиссия түзүү болжолдонууда. Айта кетүүчү нерсе, өткөн аптада Мыйзам чыгаруу жыйыны соңку 13 жылдагы менчиктештирүүнүн жүрүшү боюнча өкмөт башчы Николай Танаевдин отчетун уккан. Талкуу бир аптага созулуп, менчиктештирүүнүн жүрүшүндө Советтер Союзу мезгилинде ири көлөмдөгү каражатка курулган завод, фабрика, ишкана, мекемелер жең ичинен арзан баага сатылып кеткендиги айтылган. Айрым депутаттар менчиктештирүүнүн биринчи баскычында өлкө казынасына 13 млрд. 700 млн. сом түшөөрү пландаштырылып, мамлекеттин эсебине болгону 300 млн. сом түшкөндүгүн айтышкан.

XS
SM
MD
LG