Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:30

Багдаддагы жардырууда кеминде жети киши каза болду


Жекшембинин кечинде Ирактын баш калаасындагы кафенин сыртында бомба жарылганда 20дан ашык адам жараат алды.

Кечээ америкалык учактар Фаллужа шаарын бомбалашкан эле. Америкалык танкалар ошондой эле теги иордандык Абу Мусаб ал-Заркавинин чет элдик согушчандарына баш калканч берди деп шектелген куралчандардын турумдарын аткылашты. Салгылаш көз карайганда басаңдап калды. Кабарларда төрт карапайым адамдын, анын ичинде бир жаш баланын курман болгондугу айтылууда.

Багдаддын Садыр ооданында курал сарайы аткыланып, эки ирактык аскер жана бир карапайым киши окко учту. Аткылоо убактылуу өкмөт башчысы Аяд Алави шийит согушчандарынын куралын сатып алуу программасынын жүрүшү менен таанышууга келген кезде орун алды. Алави ошондой эле АКШга кастарын тиккен Моктада ас-Садыр молдо менен көздөштү.

XS
SM
MD
LG