Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:43

Каракол шаарындагы көп үйлөр караңгы


КАРАКОЛ. Караколдо алгачкы кар түшкөндөн баштап эле шаардын борбордук көчөлөрүндөгү көп кабаттуу үйлөрдө электр жарыгы үзүл-кесил күйүп калды. 2-3 күн бою электр кубатысыз калган калаа тургундары тынчсызданып, шаардык электр тармактар ишканасына нааразычылык билдиришүүдө. Ал эми Каракол шаардык электр тармактар ишканасынын жетекчилигинин билдирүүсү боюнча, калктын басымдуу көпчүлүгү электр жылыткычтарын өтө көп пайдаланышкандыктан чакан станциялар туруштук бере албай жарылууда. Ошондой эле электр жарыгы үчүн карыздарын төлөбөгөндөр электрди уурдап жатышат. Мындан ары уурдап жагууга жол бербеш үчүн шаардагы кичи райондорго электрондук эсептегичтер коюла баштады.

XS
SM
MD
LG