Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:43

Адам сатууга каршы иш-чара улантылат


ЖАЛАЛАБАД. Облустагы жарандык коомду колдоо борборунда өткөн жыйынга бейөкмөт уюмдардын, калкты иш менен камсыздоо борборлорунун жана маалымат каражатарынын өкүлдөрү катышты. Анда адам сатууга каршы иш-чараларды улантуу зарылдыгы айтылды.

Жыйында белгиленгендей жалган фирмалардын көп айлыгы бар жумуш таап берүү убадасына мыйзамды, укугун коргоону билбеген, ал тууралуу түшүнүгү жок айыл тургундары кириптер болууда. Жакырчылык азайбай, үлүш жерге жасалган мээнет акталбагандыктан жаштар Орусиядан, Казакстандан иш издөөдө.

Талкууга катышкан «Винрог интернешнл» долбоорунун АКШдагы координатору Эми Хейгон облустагы адам аткезчилиги акцияларына канааттангандыгын жана долбоор мындан ары узартыларын билдирди.

XS
SM
MD
LG