Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:44

НАТОнун башчысы Бишкекке келди


БИШКЕК. Кыргызстан Түндүк Атлантика Альянсы менен келечекте жаңы программанын алкагында кызматташат. Бул тууралуу президент Аскар Акаев НАТОнун башкы катчысы Яап де Хооп Схеффер менен жолугушуудан соң журналистерге маалымдады. Президенттин айтымына караганда, жаңы программага ылайык чегараларга көзөмөл күчөтүлүп, аймактагы өлкөлөр менен бирге маңзаттардын ташылышына каршы күчөтүлгөн иш чаралар көрүлөт.

Ал эми НАТОнун башчысы өз сөзүндө аталган программага ылайык келечекте Кыргызстандын аймагы аркылуу Ооганстанга автожол ачылаарын маалымдап, ага негиз берген келишимге жакын арада кол коюла тургандыгын билдирди.

Кыргызстан Түндүк Атлантика Альянсы менен соңку он жылда «Тынчтык үчүн өнөктөштүк» аттуу программанын алкагында кызматташып келди. Мамлекет башчысы Аскар Акаевдин маалыматына караганда, аталган программага ылайык НАТО тарабынан Кыргызстанга билим берүү, экономика жана жаратылыш кырсыктарын жою багыттарында бир катар алгылыктуу жардамдар берилди.

XS
SM
MD
LG