Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:52

Белорусияда оппозиция кайрадан демонстрацияга чыкканы жатат


Манифестанттар жекшембидеги парламенттик шайлоонун жана референдумдун жыйынтыктарын жокко чыгарууну талап кылышууда. Минскиде кечээ аларды милиция кууп таркатты, ондогон адамдар кармалды. ОБСЕ менен АКШ шайлоону жана референдумду эл аралык нормаларга төп келген жок деп баалашты. Мамлекеттик департаменттин өкүлү Ричард Баучер белорус элине өз ыктыяр-ыкыласын эркин жана адилет билдиргенге бийликтер мүмкүндүк бербегендигине өкүнүч билдирип, көз карандысыз сурамжыларда таптакыр башка натыйжалар аныкталгандыгын эске салды.

“Гэллап” институтунун Балтиядагы кызматынын иликтөөлөрүндө референдумга коюлган маселени жалпы шайлоочулардын 48,4 проценти гана жактаганы айтылган эле. Белорусиянын борбордук шайлоо комиссиясы президент Лукашенконун үчүнчү мөөнөткө шайланышын добуш бергендердин 86 проценттен ашууну колдогонун жарыялаган.

XS
SM
MD
LG