Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:31

Министр депутатты сотко берди


БИШКЕК. Ички иштер министри Бакирдин Субанбеков жана министрликтин алдындагы мамлекеттик автоинспекциянын башчысы Кубатбек Исмаилов Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Алымбай Султановду сотко беришти.

Бул тууралуу депутат Алымбай Султанов бүгүнкү парламент отурумунда маалымат берди жана ал өз көз карашынан кайтпай турганын билдирди. Анын айтымында, эки арыз тең парламентте билдирген пикирлеринин негизинде Ленин райондук сотуна берилген.

Министр Субанбеков арызында сотко депутат "ички иштер кызматкерлери рекэт болуп кетти" деп айткан сөзүн териштирип берүүнү сурап, моралдык чыгым үчүн 1,5 миллион сом доо койгон. Ал эми мамлекеттик автоинспекциянын жетекчиси Исмаилов койгон доонун наркы 500 миң сом. Арызды ал депутаттын "визиткалар жана айдоочунун күбөлүгү 100-700 долларга сатылат" деп айткан сөзү үчүн берген.

XS
SM
MD
LG