Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:08

Бармакка белги коюу мыйзамы бекитилди


БИШКЕК. Президент Аскар Акаев «Кыргызстандын шайлоо Кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү» мыйзамга кол койду. Ага ылайык добуш берүүгө кирип бараткан атуулдардын бармагына белги коюлат.Бул тууралуу президенттин администрациясынын юридикалык бөлүмүнүн башчысынын орун басары Карыбек Дүйшеев бүгүн билдирди. Бул мыйзамга кол коюлушун «Демократия жана атуулдук коом үчүн» өкмөттүк эмес уюмдарынын коалициясы жактап, ал боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзөөрүн жарыялады.Шайлоочулардын колуна белги коюу тууралуу мыйзам коомчулукта карама-каршы пикирлерди жараткан. Өкмөттүк маалымат каражаттарында ага каршы пикирлер байма-бай жарыяланса, оппозициялык саясатчылар тескерисинче белги коюу идеясын колдоп чыгышкан.

XS
SM
MD
LG