Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:00

Кыргызстандагы сот тармагында мониторинг жүргүзүлдү


БИШКЕК. «Фридом Хауз» эл аралык уюму менен АКШнын ЮСАИД уюмунун колдоосу менен Кыргызстандагы соттордун иштөө шарттары, акыйкат соттук териштирүүнүн абалы боюнча жүргүзүлгөн иликтөөнүн жыйынтыктары жарыяланды. Анда прокурорлор жана соттордун кесиптик деңгээлин жогорулатуу, аларды техникалык каражаттар жана юридикалык адабият менен жабдууну жакшыртуу, сот системасында атаандыштыкты камсыздоо жана Кыргызстандын мыйзамдары менен эл аралык мыйзамдардын шайкештигин сактоо сыяктуу сунуштар берилген. Иликтөө 5 бейөкмөт уюм тарабынан ОШ, Талас облустарында жана Бишкек шаарында 2003-жылдын ноябрь айынан үстүбүздөгү жылдын сентябрь айына чейин жүргүзүлгөн. Бейөкмөт уюмдарынын иликтөөсүнүн жыйынтыктары бүгун Бишкекте тегерек үстөл жыйында талкууланды. Мамлекеттик сот департаментинин жетекчиси Марат Бакиев бул иликтөөнүн усулу жоктугун, иликтөө байкоо иретинде гана жүргүзүлгөндүгүн белгиледи. Ал ошондой эле мындай иликтөө адистер тарабынан жүргүзүлүшү керек деп маалымдады.

XS
SM
MD
LG