Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:20

Иракта бир польшалык аял барымтага алынды

Бүгүн Иракта козголоңчулардын тобу Ирактын улуттук армиясынын 11 адамын өлтүргөнүн жарыя кылды.
Ал эми Араб тилинде эфирге чыгуучу “аль-Жазира” каналы бүгүн барымтачылардан түшкөн жаңы тасманы көрсөттү. Тасмада айтылгандай, алар польшалык аялды барымтага алышкан. Анын үнү лентада жакшы угулбайт экен, бирок “аль-Жазира” кабарлагандай, польшалык аял Польша жетекчилигинен Ирактагы аскерлерин алып чыгып кетүүнү суранган. Ал эми АКШ менен Ирак бийликтерин Абу-Грейб түрмөсүндөгү ирактык аялдарды бошотууларын өтүнгөн. Мунун баары – барымтачылардын талабы.
Жалпысынан Ирактын Бабил, Карбала жана Васит вилояттарында Польша 15 мамлекеттин 6 миңдей аскерин жетектейт. Алардын эки жарым миңге жакыны - польшалыктар.
XS
SM
MD
LG