Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:44

Ирактагы согушта 100 миң адам кырылды


Муну америкалык жана британдык илимпоздор биргелешип өткөргөн изилдөө учурунда аныкташкан. Изилдөөнүн жыйынтыгы Британиядагы медициналык “Ланцет” журналында жарыяланды. Лондон өкмөтүнүн тышкы иштер министри Жек Стро бу маалыматтын чын-төгүнүн текшерип чыкканга сөз берди. Ырасмий докладдарда былтыр марттан бери жайкын калк арасынан жайран болгондордун саны бери дегенде 10 миң, ары барганда 30 миңге жетет деп айтылат. Ушул эле күнү британ аскерлери Багдадга чукул районго келип жайгаша баштады.

XS
SM
MD
LG