Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:08

БУУнун Глобалдык кору бейөкмөт уюмдарга жардам көрсөттү


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте БУУнун Глобалдык фондунун СПИДге, кургак учукка жана безгекке каршы күрөш боюнча долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмү ВИЧ/СПИД илдетинин алдын алуу боюнча иштеген бейөкмөт уюмдарга материалдык жардам берди. Анда медициналык жабдуулар, СПИД илдетинин жана кургак учук, безгек ооруларын алдын алууга акча каражаты, маалымат-агартуу материалдары камтылган.
СПИДГЕ каршы Глобалдык кордун маалыматы боюнча, Кыргызстанда 25 жашка чейинки курактагы жаштардын 26 пайыздан ашууну ВИЧ инфекциясын жуктурган. Ал эми баңгилердин саны 54,400 адамды түзөт. Абакта отурган 17 миң адамдын 70 пайызы маң заттарын колдонушат. Мындай маалыматты аталган кордун коомчулук менен байланыш боюнча бөлүмү таратты.

XS
SM
MD
LG