Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Март, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:13

Көчкү коркунучу бар


БИШКЕК. Майлысуудагы “Тектоник” жана Миңкуштун Туюксуу участогунда жер көчкү активдешип, уулу заттар көмүлгөн жайларга коркунуч келтирүүдө. Бул тууралуу Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда Экология жана өзгөчө кырдаалдар министри Темирбек Акматалиев билдирди. Мындай маалыматты аталган министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жолугушууда министр Дүйнөлүк бактын өкүлдөрүнөн кошумча каражат табууга көмөк көрсөтүүнү өтүнгөн.
28-сентябрда Кыргызстан менен Дүйнөлүк банктын келишими күчүнө кирип, иш чаралар көрүлө баштады.

Майлысуудагы уулу калдыктар көмүлгөн жайды калыбына келтирүү багытында Дүйнөлүк банк 6 млн. 900 миң, Бириккен улуттар уюмунун Глобалдык фонду 1 млн. , Жапон өкмөтү 900 миң, кыргыз өкмөтү 2 млн. доллар бөлгөн.

XS
SM
MD
LG