Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:39

Укук коргоочу сотко президентке каршы арыз берди


БИШКЕК. Кыргызстан укук коргоо кыймылынын төрагасы Турсунбек Акун Бишкектин Биринчи май райондук сотуна президент Аскар Акаевге каршы эки доо арыз жолдоду. Мындай маалымат бүгүн Турсунбек Акундан алынды. Анын билдирүүсү боюнча, эки арызында тең президент Аскар Акаевге каршы кылмыш ишин козгоп, аны жоопко тартууну өтүндү. Биринчи арызында мамлекет башчысын жоопко тартууга өзүнүн укук коргоочу катары адамдык укугу басмырланып, арнамыс, беделине шек келгени негиз берерин билдирди. Анын айтымында, буга Акаев башында турган бийлик тарабынан Турсунбек Акундун 17 жолу кармалып, 12 жолу соттолуп, төрт жарым миң сомдук айыппул тарткандыгы далил болот. Ал эми экинчи арызында Акаев башкарган жылдар аралыгында кыргыз атуулдарынын укугунун басмырлангандыгы, оппозиция өкүлдөрүнүн куугунтукталып, соттолгону негиз берет деп жазган.

XS
SM
MD
LG