Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:35

Арафат тирүү, бирок абалы өтө оор


Парижге чукул жердеги аскери госпиталдын өкүлү полковник Кристиан Эстрипо ырастагандай, клиникага жаткырылгандан кийин Ясир Арафаттын абалы бир топ кыйындап кеткен. Палестин лидери жан таслим абалда жатканын кечээ Израил гезиттери кабарлашкан. Бу маалыматты адегенде Люксембургдун премьер-министри Жан-Клод Жанкер да бышыктаган эле,бирок кийин сөзүн кайра алды. Арафатты өлүм алдында жатат деген кабарды палестин автономиясынын премьери Ахмед Куреи төгүндөдү. Арафат клиникага өткөн аптада жаткырылган эле.

XS
SM
MD
LG