Франция президенти Жак Ширак бүгүн Брюсселде өткөн Европа Биримдигинин бийик жолугушуусунда Түркия уюмга кошулуу үчүн талаптуу шарттарды аткара албай калышына европалык саясатчылар даяр болууга тийиш деп билдирди. Анын айтымында, мүмкүн Түркияны Европа Биримдигине толук мүчө эмес, биргелешкен мүчө кылып кабыл алса болот. Өлкөнү уюмга кабыл алуу тууралуу сүйлөшүүлөр декабрда башталууга тийиш.