Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:19

Басма сөз күнү Таласта белгиленди


ТАЛАС. Бул окуяга арналган салтанат облустук администарцияда өтүп, анда облус губернатору Искендер Айдаралиев куттуктоо сөз сүйлөдү. Андан соң басма сөз кызматкерлеринин арасында жарыяланган конкурстун жыйынтыктары чыгарылды. Облустук «Талас турмушу» газетасынын түзүлгөндүгүнүн 60 жылдыгына байланыштуу бул эмгек жамаатына президенттик администрациянын Ардак грамотасы жана башкы редактору Эрмек Үмөтовго "Алтын калем" сыйлыгы тапшырылды. Облустук ардагерлер кеңешинин төрагасы Мүдүр Мамбеталиевге жергиликтүү телерадионун программаларына облустун 60 жылдыгы жөнүндө мазмундуу интервью бергендиги үчүн деп атайын сыйлык берилди. Журналистикада кездешпеген мындай жорукту ардагер журналистер да, жаш журналисттер да чектен чыккан кошоматчылык катары баалашты.

XS
SM
MD
LG