Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:44

Тышкы иштер министри Пакистанга барат


БИШКЕК. 8-9-ноябрда Кыргызстандын тышкы иштер министри Аскар Айтматов Пакистанга ырасмий сапар менен барат. Министрликтин маалымат кызматынан кабарлашканга караганда Аскар Айтматов Исламабадда президент Первез Мушарраф, өкмөт башчысы Шаукат Азиз баш болгон ырасмий өкүлдөр менен жолугушуп, кыргыз-пакистан мамилесин өнүктүрүү боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Тараптар ошондой эле коопсуздук, террорго, наркобизнеске каршы күрөш боюнча пикир алышмакчы. Андан сырткары президент Аскар Акаевдин Пакистанга 2005-жылы жасала турган сапарына даярдык көрүү маселеси да такталмакчы.

Сапардын соңунда Кыргызстан менен Пакистандын тышкы иштер министрлеринин билдирүүсү кабыл алынаары белгиленүүдө.

XS
SM
MD
LG