Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:04

Түркиянын гуманитардык жардамы Кыргызстандын коргоо министрлигине тапшырылат


БИШКЕК. 9-ноябрда Бишкекте Түркиянын куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын Кыргызстандын коргоо министрлигине гуманитардык жардам тапшыруу жөнүндөгү протоколго кол коюлат. Бул тууралуу бүгүн коргоо министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. Протоколго Кыргызстандын коргоо министринин орун басары Борис Югай жана Түркиянын куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын оорук башкармалыгынын жетекчиси Юрдайер Олжан кол коёт. Түркия тараптан Кыргызстандын коргоо министрлигинин кызматкерлерине аскердик кийим- кечеден турган гуманитардык жардам тапшырылыт. Түркиянын делегациясы өлкөнүн коргоо министри Эсен Топоев жана улуттук гвардиянын башчысы Абдыгул Чотбаев менен жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

XS
SM
MD
LG