Париж алдындагы ооруканада 29-октябрдан бери жаткан Палестина автономиясынын төрагасы Ясир Арафат дүйнө салды. Кечээ күнү анын мээсине кан куюлган, кээ бир палестиналык жетекчилердин айтымында, анын боору жана бөйрөгү иштебей калган. Мисирдин президенти Хосни Мубарактын сунушу менен Арафаттын тажыясы Каир шаарында өткөрүлмөй болду. Кээ бир кабарлар боюнча, Арафат мындан 75 жыл мурда 1929-жылы Каирде туулган.