Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:33

Орусия тамеки тартууга чек койду

Орусиянын Мамлекеттик думасы коомдук жайларда тамеки тартууну чектеген мыйзамды жактырды. Эми мыйзамды парламенттин жогорку палатасы – Федерация кеңеши бекитип, президент кол койсо, Орусияда ишкана-мекемелерде, оорукана жана башка бардык коомдук-маданий жайларда атайын бөлүнгөн жерде гана тамеки тартууга уруксат берилет.

Ошондой эле мектеп, университет, театр, спорт борборлорунда, айтор, бардык коомдук-маданий жайларда тамеки сатууга тыюу салынат. Тамеки андай жайлардан 100 метрден жакын эмес жерде гана сатылышы мүмкүн.

Дүйнөлүк саламаттык уюмунун маалыматы боюнча, Орусия – тамеки тартуу жагынан дүйнөдөгү чемпион өлкөлөрдүн бири, тактап айтканда, өлкөдөгү 15 жаштан өйдө курактагы эркектердин кеминде 60%ы чылым чегишет.
XS
SM
MD
LG