Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:53

Кыргыз өкмөтү Эл өкүлдөр жыйынын токтомун четке кагууда


БИШКЕК. «Кыргызтелеком» ишканасын сатууда эч кандай мыйзам бузуулар болгон жок жана кыргыз өкмөтү аталган ишкананы сатууну улантууда. Бул тууралуу бүгүн журналистерге Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинин башчысы Равшан Жээнбеков билдирди. Үстүбүздөгү жылдын 2-ноябрда Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр палатасы “Кыргызтелеком” ишканасын менчиктештирүүнүн максатка ылайыктуулугу жөнүндө маселени карашкан. Талкуу учурунда депутаттар жылына мамлекеттин эсебине 3 млн. доллардан ашуун таза киреше берген эң кирешелүү ишкананы чет өлкөлүктөргө 16 млн. долларга сатуу кыргыз элинин кызыкчылыгына каршы келээрин айтышкан. Кызуу талаш-тартыштан кийин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаттары “Кыргызтелекомдун” 51% акциясын сатууну токтото туруу, менчиктештирүүнүн зарылчылыгын иликтөө үчүн үч тараптуу комиссия түзүү, тендер өткөрүүдө мыйзам бузууларга жол берген жетекчилердин жоопкерчилигин карап көрүүнү сунуштаган токтом кабыл алган. «Кыргызтелеком» ишанасын сатуу боюнча тендердин биринчи этабынын жыйынтыгы үстүбүздөгү жылдын 25-майында чыгарылган. Натыйжада, аталган ишкананын 51 пайыз акциясын сатып алууга 16 миллион 200 миң доллар сунуштаган германиялык AREXTECH/detecon компаниясы жеңүүчүсү деп табылган.

XS
SM
MD
LG