Бул тууралуу маркум Ясир Арафаттын ордун баскан Палестин автономиясынын утурумдук төрагасы Равхи Фаттух жарыялады. Палестин жетекчилери Арафаттын өлүмүнүн тегерегинде суроолор бар экенин ырастап, бирок аны Израил ууландырып өлтүрдү деген кабарларды четке кагууда. Азырынча Арафатты акыркы күндөрү дарылаган француз догдурлары анын медициналык кагаздарын жарыялоодон баш тартууда, Франциянын мыйзамдары боюнча ага палестин лидеринин жакындары уруксат бериши керек. Француз өкмөтүнүн басма сөз өкүлү эгерде догдурлар Арафаттын өлүмү табигый шарттардан келип чыкканынан кенедей эле күмөн санаса, окуяга полиция кийлигишет деп эскертти.