Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:11

Ирактын ар башка жерлеринде чабуулдар уланууда


АКШнын Ирактагы деңиз аскерлеринин командири Фаллужадагы козголоңчулардын мизи кайтарылды деп эсептейт. Генерал Жон Сатлер козголоңчулар Ирактын ар башка аймактарына тарап кетип, чакан топтору чабуулдар уюштуруп жатканын маалымдады. АКШ генералынын айтымында, Фаллужадагы 10 күндөн берки салгылаштарда 51 америкалык жана 8 ирактык аскер курман болушту. Дагы 425 АКШлык жана 43 ирактык жоокер жараат алышкан. Генерал Сатлер Фаллужада бардыгы 1200дөй козголоңчу өлтүрүлүп, дагы 1000дейи туткунга алынды деген маалыматты ырастады. Ал 20-30дай фаллужалыктар жарадар болгонун, бирок карапайым жашоочулар арасындагы курмандыктар жөнүндө так маалымат жоктугун кошумчалады. Кечээ Мосулдагы минометтук чабуул, Багдад, Байжи жана Киркук шаарларындагы жардыруулардан кеминде 8 ирактык набыт кетишти.

XS
SM
MD
LG