Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:26

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ ИШТИ КАНТИП КҮЧӨТҮҮ КЕРЕК?


Ырысбай Абдыраимов, Жалалабад Өлкөнүн өнүгүшү менен коомдун тазарышына коррупция жана паракорчулук, кызмат абалынан кыянат пайдалануу, кызмат адамдарынын кылмышы да кедергисин тийгизүүдө. Жалалабат обулусунун калкынын көңүлүн калтырган жемкорлукка каршы ишти тегерек үстөл талкуусунда областтын укук коргоо уюмдарынын кеңеши да «канааттандырарлык эмес» - деп тапты. Бирок, коррупцияга каршы ишти кантип күчөтүү керек? Жемкорлукту жоюу же азайтуу үчүн коомчулук, бийлик, укук коргоо тармактары, маалымат каражаттары эмне иш аткаруусу абзел?

Коомчулуктун пикиринде коррупция жайылбаган тармак жок. Купуя пара бермейин жумушка орношуу кыйын. Жоопко тартылаарын билгендиктен пара талап кылган жана аны берген адам тилин тишине басат. Жемкорлукка каршы иштин абалы чалажан. Антпесе, областта 19 миллион сом зыян келтирген коррупция, экономикалык, кызматтык кылмышка ачылган 350 кылмыштан майда кызматтагы 10 адам менен кошо чоң кызматтагы паракорлор да тузакка түшөт болчу. Жоопко тартылган 40 кызматкердин 35 пайызы ички иштер адистери:

- Азыркы мезгилде бүт эле биздин мамлекеттик структурада, укук коргоо органдарында, саламаттыкты сактоодо, билим берүү системасында коррупция бар десек болот. Себеби ар кандай маселени чечүүдө бир эле барып чече албайсың, - деген Жалалабат шаар тургуну Анаркан Жаңыбаеванын болжолунда өлкөдөгү коррупциянын жакын арада азаяр түрү жок. Кызматтагы паракорчулукка облпрокурор орунбасары Абибилла Тажибаев кошулбайт:

- «Эл оозунда элек жок» деген кыргызда жакшы макал бар. Эл айтат. Укук коргоо органдарына иштөө үчүн кызматкерлерге пара берип иштейт деген туура эмеc.

Коррупцияга каршы өкмөт менен бейөкмөт уюмдар, бүткүл коомчулук күрөшсө, натыйжа чыгат. Өлкөдө коррупцияны тамырын кыркып салууга багытталган идеологиялык саясат жок:

- Мамлекет тарабынан буга идеялогия болуш керек. Ушуга ылайык тарбия, маданият болушу керек. Ага чейин ишибиз оңолбойт, - деди адам укугун коргоочу Абдиназар Маматисламов. Областтык бажы, улуттук коопсуздук, ички иштер кызматынын ишине канааттанбаган прокурор Кубатбек Кожоналиевдин көз карашында жемкорлукка каршы ачыктык, маалымдуулук жетишпейт:

- Мамлекеттик органдар ачык, айкын болушу керек. Болгон кемчиликтер жөнүндө журналисттер элге, калкка жеткириш керек. Кызматтык абал менен, кыянаттык менен пайдаланып аткан адам көлөкөдө иштейт, - Обулустун прокурору Кубатбек Кожоналиев ушундай ой бөлүштү.

XS
SM
MD
LG