Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:22

Париж клубу Ирактын карызынын бир бөлүгүн кечүүнү макулдашты


Париж клубу Ирактын карызынын 80%ын кечүүнү макулдашканын француз каржы министрлигинин өкүлү ырастады.

Бул үч этапта ишке ашырылат, бирок Француз каржы министрлигинин өкүлү иштин чоо-жайын маалымдаган жок. Жогорудагыдай макулдашуу Берлинде Париж клубуна кирген өлкөлөрдүн каржы министрлеринин сүйлөшүүлөрүндө жетишилген. Адегенде мындай чечимге каршы чыккан Орусия кийинчерээк жалпы турумга кошулду. Ирак Париж клубуна кирген 19 өлкөгө 42 миллиард доллар карыз. Андан башка Ирактын араб мамлекеттерине дагы 80 миллиард доллардай карызы бар.

XS
SM
MD
LG