Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:54

«Атажурт» аттуу кыймыл түптөлүүдө


БИШКЕК. Кыргызстанда «Атажурт» деп аталган дагы бир саясий кыймыл түзүлүүдө. Аны түптөөгө Жогорку Кеңештин депутаттары Адахан Мадумаров, Муратбек Мукашев, Болот Шерниязов жана Исхак Масалиев демилгечи болууда. Кыймылдын максаты келерки жылы бийликтин алмашуусун камсыз кылуу жана парламенттик шайлоодо пикирлеш талапкерлерге колдоо көрсөтүү. Бул тууралуу Исхак Масалиев бүгүн билдирди. Анын айтымында «Атажурт» кыймылы президенттик шайлоого өз талапкерин алып чыгышы ыктымал.

XS
SM
MD
LG