Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:36

Иманбаевдин айтымында бармакка белги коюу үчүн чоң акча керек


БИШКЕК. Добуш берүү маалында шайлоочунун сол колунун баш бармагына белги коюу үчүн 320 миң доллар зарыл. Бул тууралуу бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаев маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, президенттин бул мыйзамга кол коюшуна эки жагдай: белги коюуга канча чыгым кетээри боюнча өкмөт менен макулдашылбагандык жана ага кетчү каражатты Кошмо Штаттарынын элчилиги берет деп, АКШнын Кыргызстандагы элчиси Стивен Янгдын эл алдында айткан билдирүүсү түрткү болду.

«Ушундан улам Борбордук шайлоо комиссиясы белги коюуга кетчү каражатты 1-январга чейин берүүсүн элчиликтен өтүнүп жатат»,- деди Сулайман Иманбаев. Ал АКШ элчилиги аны бербей коёбу деп кооптонуп тургандыгын жашырган жок.

Төраганын пикири боюнча, антип ишенбей жатканына жергиликтүү шайлоо алдында тунук үкөктөрдү Германиянын өтө кеч алып келгени негиз берүүдө. «Ал эми белги коюу мыйзамын жокко чыгаруу боюнча бейөкмөт уюмдардын арызын Конституциялык сот карап, канааттандырса ал ишке ашпай калышы толук мүмкүн»,-деди Сулайман Иманбаев.

XS
SM
MD
LG