Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:27

Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстанга 32,8 млн доллар бөлдү


БИШКЕК. Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүү жана кедейчиликти кыскартуу багытында 32,8 млн. доллар өлчөмүндөгү кредит бөлдү. Аталган каражат Эркечтам аркылуу Кытай Эл Республикасы менен байланыштырып, Өзбекстанга каттоочу автожол курууга жумшалат. Долбоордун алкагында Ош-Гүлчө-Сопукоргон жана Ош-Сарыташ-Эркечтам каттамындагы узундугу 124 км. жол оңдолот.

Кредитти Азия өнүктүрүү банкына кайтарып берүү мөөнөтү 32 жылга белгиленген. 8 жылдан кийин кыргыз өкмөтү тарабынан кредитке берилген сумманын 1% жылына төлөнүп турат.

Азия өнүктүрүү банкы 1966-жылы түзүлүп, учурда ага 63 мамлекет мүчө.

XS
SM
MD
LG