Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:05

УКРАИНАДАГЫ ШАЙЛООНУН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫН БАТЫШ ТААНЫБАЙТ


Нарын АЙЫП, Прага Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун жетекчилигинин 25-ноябрда Вена шаарында өткөн жыйынында АКШнын өкүлү Украинадагы президенттик шайлоону катуу сынга алды. Анын алдында болсо АКШ мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл Украинадагы шайлоонун жарыяланган жыйынтыгын Вашингтон кабыл ала албайт деп билдирген.

25-ноябрда Венада Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун Туруктуу кеңешинин жыйыны болуп өттү. Анда АКШнын өкүлүнүн милдетин аткаруучу Пол Жонс чыгып сүйлөп, Украинада өткөрүлгөн президенттик шайлоо тууралуу ал терең тынчсызданганын билдирди. Анын айтымында, жарыяланган жыйынтыкты америкалык өкүлчүлүк кабыл ала албайт, анткени ал - мыйзам бузуулар тууралуу маалыматтар текшерилбестен чыгарылды. Эгер бул жыйынтык өзгөртүлбөсө, АКШ өзүнүн Украинага карата мамилесин кайра карап чыгышы мүмкүн.

Ошол эле 25-ноябрда Гаага шаарында өткөн Орусия менен Европа Биримдиги ортосундагы бийик жолугушууда президент Владимир Путин украиналык шайлоонун жыйынтыктарын колдоп, ага каршы чыккандар өлкөнү экиге жарып жибериши мүмкүн деп билдирди. Анын айтымында, маселелер көчөдө эмес, саясатчылардын жолугушууларында, сүйлөшүү аркылуу чечилүүгө тийиш.

Америкалык "Эн-би-си" сыналгысынын аналитиги Стив Гуттермандын айтымында болсо, Украина маселеси мынчалык деңгээлге чыкканына Путин өзү күнөөлүү, шайлоодо жеңүүчү деп жарыяланган Виктор Януковичти ал үч күндүн ичинде эки жолу куттуктады - жыйынтык чыга электе жана ырасмий жыйынтык жарыялангандан кийин дагы. Ал эми шайлоо өнөктүгү учурунда Путин үч аптанын ичинде Украинага эки жолу барып, Януковичтин агитатору болуп берди.

Анткен менен "Тагесцайтунг" аттуу немис гезитинин жазышынча, Украиинанын бардык чөлкөмдөрүндө оппозициялык талапкер Виктор Ющенко жеңип чыккан, ал эми советтик мезгилде эки жолу соттолгон Януковичти Кремилдин колдогонунун себеби, мындай адамды келечекте оңой башкаруу мүмкүн экенинде жатат жана эгер Украинада демократия жеңсе, ал жараян Орусияга да тарап кетиши мүмкүн деп Маскөө коркот.

Чыгыш Европа жана Орусия боюнча НАТОнун координатору Айра Стросстун пикиринде, шайлоонун жыйынтыктарын Янукович Украина элинен уурдап алды. НАТО уюмунун баш катчысы Яап де Хооп Схеффер болсо Украина жетекчилигине кайрылып, шайлоонун жыйынтыктарын кайра карап чыгууга чакырды. Ошондой эле билдирүү менен Европа Биримдиги дагы чыкты.

АКШ мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл болсо Киевке каршы чара көрүлүшү мүмкүн деп билдирди:

-Шайлоо жыйынтыгын биз легитимдүү деп тааный албайбыз, анткени ал эл аралык стандарттарга жооп берген жок. Добуш берүү учурунда болгон көптөгөн мыйзам бузуулар, жыйынтыктарды бурмалоо фактылары боюнча эч тергөө болгон жок.

Пауэллдин айтымында, андай тергөө келечекте өткөрүлүп, фактылар далилденсе, АКШ андан катуу жыйынтык чыгарышы мүмкүн. Үстүбүздөгү аптада Орусиянын Вашингтондогу элчиси Мамлекеттик департаментке чакырылып, ага АКШнын туруму билдирилген, бирок ага карабастан Маскөө талаштуу шайлоону эркин, ачык жана демократиялуу деп жарыялады.

Маскөөдөгү АКШ жана Канада институтунун деректиринин орун басары Виктор Кременюктун пикиринде, чындап эле эми Украинага каршы чара көрүлүшү мүмкүн:

-Албетте, чаралар көрүлөт жана алар кандай болоору эми Маскөө кандай кадам көрөөрүнө көз каранды. Топ азыр биз тарапка ыргытылды. Америкалыктар өз турумун ачык түшүндүрүп, шайлоо жыйынтыктарын алар эмне үчүн тааныбаганын билдирди.

Улуу Британиянын тышкы иштери министри Жек Стронун айтымында дагы, мыйзам бузуулар боюнча чатактын баары чечилмейинче, шайлоонун жыйынтыгы таанылбаш керек.

XS
SM
MD
LG