Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:29

"“Манас” аэропортуна жардыргыч зат коюлду" деген маалымат калп болуп чыкты


БИШКЕК. Бүгүн эртең менен саат 8:35те “Манас” аэропортунда жардыргыч зат коюлгандыгы тууралуу белгисиз адам телефондон маалымат берген. Ички иштер министрлигинин, Улуттук коопсуздук жана Чегара кызматтарынын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын кызматы аба майданын 3 сааттан ашуун текшерип, эч кандай жардыруучу зат тапкан эмес. Бул окуяга байланыштуу “Манас” аэропорту кызмат көрсөтүүнү убактылуу токтотуп, чыгашага учураган. Учурда жалган маалымат берген бейтааныш адам изделүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин жана Улуттук коопсуздук кызматынын басма сөз кызматтары маалымдашты. Ал эми “Манас” аэропортунун коопсуздук кызматы
окуя боюнча маалымат берүүдөн баш тартты.

XS
SM
MD
LG