Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:56

УКРАИНАДАГЫ КЫРДААЛ КЫРГЫЗСТАНДЫКТАРДЫН КӨЗҮ МЕНЕН


Чолпон Орозобекова, Бишкек Кыргызстан президенти Аскар Акаев 25-ноябрда Виктор Януковичке куттуктоо телеграммасын жөнөткөн. Муну айрым саясатчылар мамлекет башчысынын саясий катасы катары баалашууда. Украинадагы бүгүнкү кырдаал курчуй берсе бул өлкө экиге бөлүнүшү ыктымал дешет кыргызстандык айрым эксперттер.

27-ноябрда Украина парламенти президенттик шайлоо мыйзам бузуулар менен өттү деген токтом кабыл алган. Бирок Борбордук шайлоо комиссиясынын ишине парламент да кирише албайт дешет кыргызстандык кай бир эксперттер.

Жогорку Кеңештин депутаты Валерий Дил Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими соңку чечим экенин айтып, бул кырдаалга парламент эч кандай өзгөртүү киргизе албасын айтты.

Мындай пикирге президенттик администрациянын бөлүм башчысы Болот Жанузаков да кошулат. Анын айтымында, Виктор Ющенконун тарапкерлеринин жасаган аракеттери мыйзамга туура келбейт. «Элди дүргүтүп көчөгө чыгарып, башаламандыкка алып келүү мыйзамга да, кудайга да жакпайт» дейт Болот Жанузаков.

Киевде шайлоонун жүрүшүнө көз карандысыз байкоочу болуп келген Эдил Байсалов Виктор Януковичтин шайланышын мыйзамсыз деп санайт. «Демократия жана атуулдук коом үчүн» коалициясынын жетекчисинин пикиринде Виктор Ющенконун колунда Жогорку сотто да көрсөтөөр далилдери жетиштүү, андыктанын тактыга отурарына саналуу күндөр калды. Айрым саясий күчтөр президент Аскар Акаев Януковичтин жеңишин моюнга алууда шашылып кетти деп санашат. Эдил Баясаловдун мындай пикирин белгилүү коомдук ишмер Кулубек Бөкөнбаев да колдойт. Анын айтымында, Виктор Януковичтин жеңиши үчүн жанталашкан Орусияга Кыргызстан жагалданып ийди:

-Аскар Акаев шашылып кетти. Эми анысынын себеби да түшүнүктүү болуп атат. Биздин бир гана досубуз бар деп Орусияга жагалданып атабыз. Бирок кошоматчылыктын да чеги болот да.

Кулубек Бөкөнбаевдин пикиринде Украинадагы бул кырдаал Кыргызстанга сабак болушу керек. Бирок Виктор Януковичти да колдогондор жок эмес. Жогорку Кеңештин депутаты Темирбек Сариев Донецкиде болгон соңку жүрүштөр Януковичтин эл арасындагы кадырынын жана таасиринин күчтүүлүгүн далилдеди деген ойдо. Темирбек Сариев Виктор Ющенко чабал саясатчы катары жасап жаткан иштерин токтотпосо Украина экиге бөлүнүп калат деген оюн билдирди:

-Чыгыш Украина өлкөнүн бюджетинин 70-80 пайызын түзөт. Демек, жалпы экономиканын кыймылдатар негизги бөлүгүн түзгөндөн кийин алар да ишенимдүү кадамга бара алышат. Ансыз деле кырдаал курчуй берсе өзүнчө автономдуу республика болуп бөлүнөбүз деген сөздөр айтыла баштады. Бул эки адамдын талашы Украинаны экиге бөлүп тынышы мүмкүн.

Темирбек Сариевдин пикиринде, Украинада Европа мамлекеттери туура эмес саясат жүргүзүп атат. Ал эми Орусия ал жерде өз саясатын күчөткөнү оң. Анткени Украинадагы кырдаал бүтүндөй КМШ алкагында терс таасирин тийгизиши толук мүмкүн.

-Орусия дагы бул маселеде жумшактык кылып атат деп ойлойм. Эгер орус бийлиги Украинаны Батышка алдыра турган болсо арты жаман болот. Орусиянын региондогу таасирин начарлатып, КМШнын тарашына алып келиши ыктымал. Андыктан Орусия бул кырдаалда бекем жана күчтүүрөк турушу керек,- дейт Темирбек Сариев.

Ал эми Киевде шайлоонун жүрүшүнө баам салып келген Эдил Байсалов «Украинада башаламандык менен зомбулук күчөгөндөй сезилген менен ал жакта тартип бузуу жана зордук-зомбулук жок» дейт. Миллиондогон эл көчөгө чыккан менен алар өз ара жылуу мамилени карманышууда.

Эдил Байсаловдун пикиринде, Украинада европалашкан бирдиктүү улут калыптанып келатканын бүгүнкү кырдаал даана көрсөттү.

Ал эми айрым эксперттер анча-мынча мыйзам бузуу катталгандыр, бирок Виктор Янукович жеңип чыкканы анык дешет. Болгону оппозициянын катарындагы эмес, премьер-министлик кызматка чейин жетип, бийлик курамында жүргөн адам болгону үчүн эл арасында каршы пикирди жаратканы мыйзамченемдүү көрүнүш дешет айрым серепчилер.

XS
SM
MD
LG