Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:38

Бүгүн дүйнөдө СПИДке каршы күрөшүү күнү белгиленүүдө


ПРАГА. Бүгүн дүйнөдө СПИД оорусуна каршы күрөшүү күнү белгиленип жатат. Буга байланыштуу дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө кайрымдуулук акциялары, жыйындар жана конференциялар өткөрүлүүдө. Кытайда президент Ху Дзин Тао Бэжиндеги ооруканада СПИД оорусунан дарыланып жаткан орулуулардын акывалын сурап, көңүлдөрүн жубатты. Улуттар уюмунун жакында жарыяланган баяндамасына ылайык, СПИД оорусу адамзатка кыргын салуучу ядролук куралдар сыяктуу эле чоң коркунуч келтирүүдө. СПИДке каршы чара көрүү үчүн бөлүнгөн акчанын көлөмү жылдан-жылга өсүүдө. 1996-жылы бул максатка 250 миллион доллар бөлүнсө, 2002-жылы 3 миллиард доллар ажыратылган. Бирок оору дагы эле ооздуктала элек.

XS
SM
MD
LG