Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:39

Өзбек президенти Каримов Украина президенти Кучманы сынга алды


Өзбек президенти Ислам Каримов кечээ күнү Украина президенти Леонид Кучманы сынга алды: "Украиндагы окуялар тууралуу ар башка пикир айтылууда жана сырттан кийлигишүүлөр да бар. Бири ал окуяларды АКШ мамлекеттик катчылыгынын оюну десе, экинчилер аны Европа Биримдигинин аракети деп баалайт, үчүнчүлөр Орусиянын кийлигишкенин сынга алат. Бирок менин оюмча, маселе ал кийлигишүүлөрдө эмес, эң негизгиси жана эң маанилүүсү - эл арасында нааразылык чыкканы. Экинчиден, мунун баары - президент Кучманын тактикалык жана стратегиялык ката кетиргенинин натыйжасы". Өзбек парламентинин сессиясынын ачылышында сүйлөгөн Каримов 26-декабрга белгиленген парламенттик шайлоо адилеттүү өтөт деп ишендирди жана өлкө абактарында отурган беш миңден ашык адамга мунапыс жарыялап, дагы тогуз миң адамдын мөөнөттөрүн кыскартты.

XS
SM
MD
LG