Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:01

Ч.Айтматов - эл аралык террорчулукка каршы медиафорумдун ардактуу президенти


БИШКЕК. Белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматов Москвада түзүлгөн эл аралык террорчулукка каршы Медиафорумдун Ардактуу президенти болуп шайланды. Медиафорумду Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюму жана Россиянын бир катар массалык маалымат каражаттары уюштурган. Анын максаты журналисттер уюму жана маалымат каражаттары өз ыктыяры менен эл аралык деңгээлде террорчулукка каршы маалыматтар менен камсыз кылууга багытталган. Ал эми “Көз карандысыз басма тобунун” баш редактору Виталий Третьяков Медиафорумдун президенти болуп шайланган. Мындай маалыматты Россиянын басма сөз каражаттарына таянып “Кабар” агенттиги бүгүн таратты.

XS
SM
MD
LG