Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:42

УКРАИНА: ШАЙЛООНУН ЭКИНЧИ АЙЛАМПАСЫ ЖЫДЫДЫ


Кечээ (жума күнү) Украинанын жогорку соту президенттик шайлоонун экинчи айлампасындагы жыйынтыктарды жараксыз деп тапты. Соттун токтомуна ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясына 26-декабрда экинчи айлампаны кайта өткөрүү сунуш кылынды. Оппозициянын өкүлү соттун бул чечимин чоң жеңиш деп атады. Ал эми премьер-министр Виктор Януковичтин штабы сот кандай бүтүм чыгарса да, анын амирин тааный тургандыгын мурда эле ырастаган эле.

Көп күттүргөн бу чечимди Жогорку соттун төрагасы Анатолий Ярема жарыялады. Сот Борбордук шайлоо комиссиясынын 24-ноябрдагы токтому жараксыз деп тапты жана президенттик шайлоонун экинчи айлампасын кайра уюштурууну, аны 26-декабрда өткөрүүнү сунуш кылды.

Виктор Ющенконун жалпы мамлекеттик шайлоо округундагы ишенимдүү өкүлү Николай Катеренчук Жогорку соттун бу чечимин адилеттикти талап кылып,канча күндөн бери аянтта турган демократиялык күчтөрдүн чоң жеңиши деп баалады. Киевдин борбордук аянтындагы акция өткөрүп жаткандар бу кабарды чоң кубануу менен кабыл алышты.

Украинанын конституциясы менен мыйзамдарында шайлоонун экинчи айлампасы жыдып калган учурда кайта добуш берүү механизми таптакыр каралган эмес. Бирок бу идеяны Евросоюздун өкүлдөрү активдүү колдошкон. Буга байланыштуу президент Леонид Кучма жөн эле кайталап добуш берип койгондо бу плебисцит гана болуп калаарын белгилеп, эмне үчүн буга Евробиримдик кызыгып калганына түшүнбөй жатканын билдирген болчу.

Жогорку соттун чечимин айрым комментаторлор кризистен чыгуу жолундагы биринчи кадам деп аташты. Экинчи айлампадагы шайлоо өнөктүгү, соттун чечимине ылайык, 5-декабрдан башталышы керек. Ага эки атаандаш – Виктор Ющенко менен Виктор Янукович катышат.

XS
SM
MD
LG