Пакистан президенти Первез Мушарраф АКШга келди жана бүгүн кечинде Вашингтондо президент Жорж Буш менен жолугууга тийиш. Негизинен эл аралык террорчулукка каршы күрөш жана Пакистандын аймагында дагы эле аракеттенип жаткан ал-Каиданын калдыктарын жок кылуу маселелери каралат. Бирок кээ бир кабарларга караганда, Мушарраф АКШдан "Ф-16" үлгүсүндөгү кыруучу учактарды сатып алууну да сурайт.