Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:06

АБХАЗИЯДА КАЙРА ШАЙЛОО


Амирбек Усманов, Прага : Абхазияда кайрадан жалпы элдик шайлоо . Оппозициянын жолбашы Сергей Багапш жана мурдакы Премьер-министр Раул Кажимба жекшемби күнү ушундай деп макулдашты. Ал эми абхаз бийликтери президенттик шайлоо 9- январда өтөрүн дүйшөмбү күнү жарыя кылды. Байкоочулардын айтымында, жаңы шайлоо Россиянын экономикалык тузагынан чыгуунун бир амалы болууда. Соңку он жылдан ашуун убакыттан бери өзүн Грузиядан күнкорсуз эсептеген республикада кырдаал оор. Дүйшөмбү күнү таң эртең баш калаа Сухумиде удаа-удаа төрт бомба жарылганы кабарланды.

Биринчи жардыруу Сухуминин ортосундагы мектепке жакын жерде эртең менен саат жетиге чукул , а кийинки эки жардыруу андан 20 мүнөт өтпөй кайталанды. Жардыруу үчүн эч ким жоопкерчиликти өзүнө алган жок.

Сухуми полициясынын акими Отар Кетсия жардырууларды республикадагы кырдаалды курчутууга багытталган бузукулук деп сыпаттады.

Жекшемби күнү кеч бешимде президенттикке талапкерлер Сергей Багапш менен Раул Кажимба 3-октябрдагы жалпы элдик шайлоодон бери созулуп келаткан талашты жөнгө салуу боюнча өз ара мунасага келди. Сүйлөшүүгө Россиянын башкы прокурорунун орун басары Владимир Колесников жана Мамдуманын төрага орунбасары Сергей Бабурин ортомчулук кылды.
Мурдакы Премьер-министр Кажимба түнкү сүйлөшүүдөн кийин жетишилген келишим абалды жөнгө салууга мүмкүндүк берет деген ишеничте:

- Биз азыркы катаал абалды жөндөөгө бардык чараларды көрөбүз. Биз жаңы шайлоо өткөрүүгө кудуретибиз жетет. Бизге жаңы шайлоо бир команда болуп иштөөгө мүмкүндүк берет. Бул өтө туура чечим деп билем. Ал кырдаал кандай жүрүп жатканына түшүнө албай тынчсызданып жаткан биздин колдоочуларыбызга оң таасир берет. Биздин жолугушуубуз кырдаалды жөнгө салууга жардамдашарына ишенем.

Өз ара макулдашууга ылайык, шайлоодо оппозиция лидери Багапш президенттик, ал эми Кажимба вице-президенттик орунга ат салышат.
Багапша өз кезегинде бийликти президент жана вице-президент ортосунда бөлүштүрүүнү өтө маанилүү кадам деп атады:

– Чече турган маселелер өтө көп болду. Азыркыдай шартта кырдаал биздин ар бирибизге көз каранды экени айкын. Муну мен кооз сөз үчүн айтып жатканым жок. Мен кырдаалдан жол таап чыгууга чоң салым кошушканы үчүн Раул Жумкович Кажимбага жана аны колдогон эр-азаматтарга ыраазычылыгымды айткым келет.

Тараптар келишимге ылайык өздөрүнө ишенимдүү күчтөрдү тез арада Сухумидеги бардык өкмөттүк имараттардан жана шаардан чыгарып кетишет. Тараптар жетишилген келишимди аткаруу мөөнөтүн дагы такташмакчы.

3-октябрдан бери сүр-сүргө түшкөн Абхазиядагы жагдай эми калыбына келеби, белгисиз. Борборшайлоком президенттик шайлоодо Багапшаны жеңди деп жарыялап, Кажимба ага макул болбой, атүгүл премьер же вице-президент болууга да көнбөй жаткан. Бийлик мөөнөтү бүткөн Владислав Ардзинба эгерде Россия колдогон Багапш президент катары ант алса, тактыны калтырып кетпесин эскерткен эле. Ошон үчүн, Кажимба менен Багапштын тил табышканын эки саясатчынын жактоочулары эмес, байкоочулар да күтүүсүз окуя катары кабыл алышты.

XS
SM
MD
LG