Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:38

Украинадагы кризистин кан төгүүсүз аяктаганына баары сүйүнүп жатышат


Украина оппозициясынын лидери Виктор Ющенко 21-ноябрдан берки акциялар кан төгүүсүз аяктап жатканына сүйүнүп турганын билдирди. Кечээ Кошмо Штаттардын президенти Жорж Буш болсо Украиндагы саясий кризисти тынч жол менен чечүүгө салым кошкону үчүн Польшанын президенти Александр Квасневски менен Литванын президенти Валдас Адамкусту куттуктады. Ак үйдүн өкүлү Мак Келландын маалыматы боюнча Буш дагы, Квасневски дагы жана Адамкус дагы НАТО менен Орусия Украинадагы президенттик шайлоону эркин жана адилет өткөрүүгө кызыкдарбыз деп билдиргенин кубаттоого алышты:

- Президенттер 26-декабрдагы шайлоону эларалык байкоочулардын көз салышын маанилүү дешет. Ошондой эле дүйнө коомчулугу Украин элинин каалоосун чагылдырган демократиялык өзгөрүштөрдү колдоого алганы оң деп эсептешет, - деди Мак Келлан.

Кечээ НАТОнун министрлер жыйынында Түндүк атлантика альянсы менен Орусия Украинада калыс жана адилет шайлоо өткөрүү боюнча келишимге кол коюшкан болчу. Ошентип Батыш менен Москванын ортосундагы Украина боюнча талашка чекит коюлгандай болду.

Украин парламенти 8-декабрда Конституция баштаган бир катар мыйзамдарга өзгөртүү киргизип, алдыдагы шайлоонун калыс өтүшү үчүн чоң секирик жасады. Оппозиция буга жооп кылып өкмөттүн көпчүлүк кеңселерин камоого алууну токтотту.

XS
SM
MD
LG