Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:30

АКШ менен сүйлөшүү жүргүзүүгө расмий Тегеран даяр


Ирандын тышкы иштер министри Камал Харразинин айтымында, өлкөнүн өзөктүк изилдөөлөрүнүн айланасындагы маселелер боюнча Тегеран АКШ менен сүйлөшүү өткөрүүгө даяр. Кечээ күнү Брюссел шаарында Иран өкүлү Хасан Роувани Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча жетекчиси Хавье Солана менен жолугуп, Ирандын программаларын талкуулады: "Бүгүн башталган сүйлөшүүлөр биздин Европа Биримдигинин үч кана мамлекети менен гана эмес, бүткүл Биримдик менен болгон байланыштарыбыздагы жаңы демилге", - деди Роувани. Министр Харразинин айтымында болсо АКШ менен баштала турган сүйлөшүүлөр тең укуктуу болууга тийиш жана андай сүйлөшүүдөн баш тарта тургандай эч себеп жок.

XS
SM
MD
LG