Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:04

Пакистанда исламчылар президент Мушарафтын армия башында калышына макул эмес


Пакистандын президенти ушул жылдын этегинде аскердик эң жогорку кызматтан кетүүгө сөз берген эле. Бирок кечээ ал армияны жетектөөнү уланта берээрин жарыялады.

Оппозициядагы Муттахида Мажлисе-Амал Исламдык биримдиги уюштурган нааразылык акциясына 4 миңдей киши катышты. Бирикменин жетекчиси Казы Хусейн Ахмед исламчылар өкмөткө каршы бул митингде "айрым маанилүү иш-чараларды" жарыя кылышаарын маалымдаган.

Парламент өткөн айда президент Мушарафка мамлекет жана армия башчысы бойдон калууга уруксат берген мыйзамды кабыл алган эле. Мушараф 1999-жылы кан төгүүсүз төңкөрүштө бийликке келген.

XS
SM
MD
LG